Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген.VI чакырылыштын мөөнөтү бүтөрүнө аз гана убакыт калды. Учурда кээ бир саясий партиялар чачырап жатса, айрым партиялар биригип жатышканын жарыялашты.
Бир апта мурда REPORTER.KG маалымат агенттиги кайсы саясий партиянын Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышына өтөөрүнө мүмкүнчүлүгү бар деген собол салган. Сурамжылоонун жыйынтыгында «Ата Мекен» («Жаңы Дем») партиясы көп добуш алып алдыга чыкты. Аларга 1539 (31,48%) адам парламентке келсин деген добуш берген. Кийинки орунда «Бүтүн Кыргызстан» партиясы — 1183 добуш (24,20%), баарына каршы — 892 адам (18,25%), эң аз «Замандаш» партиясы — 6 (0,12) добуш алган.
Окурмандардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктары:
- «Ата Мекен» (Жаңы Дем) – 1539 адам (31,48%);
- «Бүтүн Кыргызстан» — 1183 добуш (24,20%);
- Барына каршы — 892 добуш (18,25%);
- «Бирик» – 478 добуш (9,78%);
- «Мекен ынтымагы» – 220 добуш (4,50%);
- «Биримдик» – 165 добуш (3,37%);
- «Чоң казат» кыймылы— 78 добуш (1,60%);
- «Мекеним Кыргызстан» — 65 добуш (1,33%)
- КСДП — 48 добуш (0,98%);
- «Бир Бол» — 46 добуш (0,94%);
- «Кыргызстан» — 45 добуш (0,92%);
- «Республика» — 39 добуш (0,80%);
- «Өнүгүү-Прогресс» — 29 добуш (0,59%);
- «Ата Журт» — 20 добуш (0,41%);
- «Замандаш» — 6 добуш (0,12%);
- Башка партиялар – 36 добуш (0,74%).
Белгилей кетсек, кыргыз, орус редакциясы жүргүзгөн сурамжылоого жалпы 4 миң 898 адам катышты.