Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Чек арачылар кыргыз-өзбек чек арасында «Тропикамиддин» ири партиясын колго түшүрүштү
23.06.2026 | 12:08

КР Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери 22-июнда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде күчтүү таасир этүүчү дары-дармек каражаттарын мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюшту, — деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.
Ведомствонун маалыматы боюнча, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Доочар жергесинде, мамлекеттик чек ара сызыгынан болжол менен 100 метр алыстыкта, чек ара кезмети Айрыбаз айылынын тургуну болгон 26 жаштагы кыргызстандыкты кармашкан. Ал өзүнүн Daewoo Tico үлгүсүндөгү жеке унаасы менен Кыргызстандан Өзбекстанга күчтүү таасир этүүчү препараттардын катарына кирген «Тропикамид» дарысынын эки кабын мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.
Кармалгандан кийин чек ара кезметтери Доочар багытындагы жакын жайгашкан аймакты карап чыгышып, мыйзамсыз иштерге тиешеси бар адамдар тарабынан колдонулушу мүмкүн болгон скутерди табышкан.


Алынган дары-дармектердин жалпы саны 1 миң 898 даананы түздү. Жүктүн алдын ала баасы 2,8 миллион сомдон ашык деп бааланууда.
Учурда текшерүү иш-чаралары жүрүп жатат. Тиешелүү материалдар толтурулгандан кийин, кармалган жаран жана жүк андан аркы териштирүү иштери үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди.