Педофилдерди 25 жылга чейин кесүү сунушталууда

Педофилдерди 25 жылга чейин кесүү сунушталууда

Жашы жетелек балдарга карата зордук-зомбулук көрсөткөндөргө аёосуз жаза чаралары колдонулат. Бул багытта даярдалып жаткан мыйзам долбоору тууралуу  Жогорку Кеңешке «Ыйман Нуру» фракциясынан депутат,  Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Динара Ашимова билдиргенин парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Балдардын бактысына кыянатчылык кылган кылмышкерлерге каралган жаза өкүмүн 25 жылга чейин, — деп белгилөө сунушталып жатат. Мындай кылмышкерлерди психикалык жактан жабыркаган адамдар, — деп бир тараптуу эле карабай, аларды коркунуч жаратуучулар катары коомдон обочо кармоо үчүн атайын каттоого алуу керек”,  — деп билдирди депутат 17-майдагы Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынында.

Видеокөзөмөл жабдуулары да алдын алуу иштерине жардам берет. Аларды кооптуу жерлерге орнотуу иштери көбөйтүлүп жатат. Ошондой эле мигранттардын балдарынын эсебин тактоо иши да кылмыштардын алдын алуунун бир жолу. Анткени, мындай иштер аркылуу балдардын коопсуздугун камсыздоо иштери нукка салынмакчы. Дагы бир багыт – аскердик даярдыктагы тарбияны күчөтүп, дене тарбия маданиятын калыптандырчу (Суворов атындагы лицей тибиндеги) мектептерди көбүрөөк уюштурууну сунуштайт элем”, — деп белгиледи эл өкүлү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>