«Бала ырысы» жөлөк пулун алуучулардын саны октябрь айында 252,7 миңге жеттиГрузиядан алдамчылыкка айыпталган эки адам Кыргызстанга экстрадицияландыИлгиз Тапаев «Учкун» ААКтын башкы директору болуп дайындалдыБишкекте жашылдандыруу маселесине арналган Экологиялык кеңештин ачык жыйыны өтөтКР жогорку окуу жайлары карыз үчүн диплом жана аттестаттарды кармап калууга укуксуз — акыйкатчыБишкектин айрым көчөлөрүндө 7-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Пермь окуясы: Жапаров Путинге көңүл айтты
21.09.2021 | 09:57
Өлкө башчы Садыр Жапаров Орусия президенти Владмир Путинге жана жалпы орус элине Пермь мамлекеттик университетинде каргашалуу окуяга байланыштуу көңүл айтты.
«Мамлекеттик Пермь улуттук изилдөө университетиндеги куралдуу кол салуунун натыйжасында адам курмандыктары орун алган окуя тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын дилимден көңүл айтып, бул трагедияда жабыркагандардын бардыгына тез арада сакайышын каалайм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын теллеграммасында.
20-сентябрь күнү Орусиянын Пермь облусундагы илимий изилдөө университетинде бир жан кечти ок чыгарып, натыйжада 8 киши каза таап, 20дан ашыгы ар түрдүү жараат алган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат