Кочкордо мыйзамсыз сакталып жүргөн курал-жарактар алынды

Кочкордо мыйзамсыз сакталып жүргөн курал-жарактар алынды

Кочкор районунун 61 жаштагы С.Т. аттуу тургундун үйүнөн мыйзамсыз курал-жарактар табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын үйүнөн 1 даана 12-калибрдүү ок атуучу курал, 1 даана белгисиз үлгүдөгү номери жок пневматикалык тапанча жана ар кандай үлгүдөгү беш миңге жакын ок-даарылар табылган. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Мындан тышкары аталган районунун Чолпон айылынын Т.А. аттуу тургуну короосун бузуп жатып мыйзамсыз 1 даана 12-калибрдүү ИЖ-58 МА, ок атуучу куралын таап алып, өз ыктыяры менен милицияга өткөрүп берген.

Кочкордо “Арсенал” ыкчам профилактикалык иш-чара өтүп, анда уруксат берүү системасына кирген бардык обьектилердин ок атуучу курал жарактарынын, ок- даарыларынын мыйзамдуулугу текшерилген. Ошондой эле ок атуучу куралдарды, жарылуучу заттарды мыйзамсыз сактап, алып жүргөндөрдү аныктоо, аларды бөлүмгө өткөрүү боюнча райондун аймагында эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>