“Погончон айым – 2021” конкурсунун гран-присинин ээси аныкталды – сүрөт
Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери “Погончон айым – 2021” конкурсунда гран-приге ээ болду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери Айзада Максатбекова “Погончон айым -2021” конкурсунда гран-приге ээ болду. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жана Куралдуу күчтөр күнүнө арналып 29-майда Кыргыз мамлекеттик цирктин имаратында өттү.
“Түндүк-Чыгыш бажысынын юридикалык иштер боюнча бөлүмүнүн инспектору, бажы кызматынын кенже лейтенанты Айзада Максатбекова жогорку деңгээлдеги даярдыкты көрсөтүп, жеңишке ээ болду”, – деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле конкурска ӨКМ, ЖАМК, МЧК, ИИМ жана ИИМ Академиясынын өкүлдөрү катышышып, бардык катышуучулар дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышкан.
[image_carousel source=”media: 81820,81821,81822,81823,81824,81825,81826,81827,81828,81829,81830″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]