Ысык-Ата санаториясында милиция кызматкерлеринин катышуусунда массалык мушташ орун алды

Ысык-Ата санаториясында милиция кызматкерлеринин катышуусунда массалык мушташ орун алды

«Ысык-Ата» эс алуучу жайында чыр чыгып, эки киши жараат алды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Кечээ, 30-майда «Ысык-Ата» санаториясы жакта чыр-чатак болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты 266-берене (Ээнбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Алдын ала териштирүү учурунда, бир нече эркек кишинин ортосунда уруш чыгып, алардын ичинен эки жаран дене жаракаттарынан улам Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине кайрылган.

Жогорудагы ызы-чуунун катышуучуларынын арасында Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери болгону маалым болгон.

Учурда окуянын келип чыгуу себептерин териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылып жатканы айтылат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>