Чүй облусунда 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ишке берилдиШакиранын концерти Кыргызстандын экономикасына $30 млн алып келиши мүмкүн — КубатовКыргызстанда жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылдыКыргызстанда үч жылда баалар дээрлик 22% кымбатташы мүмкүнМинистрлер Кабинети 2027-жылы Кыргызстандын ИДПсы 2,7 трлн сомго жетерин болжолдоодоТокмокто улгайган аялды өлтүрүүгө шектелип 28 жаштагы эркек киши кармалды
«Политклиника» жана Temirov LIVE медиасынын журналисттеринин үйүндө тинтүү жүрүүдө
16.01.2024 | 09:34
«Политклиника» медиасынын журналистти Тыныстан Асыпбекти ИИМ тергөө бөлүмүнө алып кетти. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражатынын жетекчиси Дилбар Алимова билдирди.
Бүгүн таң эрте журналисттин үйүндө тинтүү жүрдү. Алдын ала билдирүүлөргө караганда, ал массалык башаламандыкка чакыруу беренесинин алкагында суралат.
Иликтөөчү журналист Болот Темиров дагы Temirov LIVE медиасынын кызматкерлеринин үйү тинтүүгө алынып жатканын айтты.
“Жалпысынан 8 кишини ИИМге алып кетип жатышат. Биздин кызматкерлерге массалык башаламандыкка чакыруу айыбы менен иш козголгону айтылууда”, – дейт Болот Темиров.
Белгилей кетсек, кечээ «24.kg» басылмасынын кеңсесинде тинтүү жүрүп, үч жетекчиси УКМКда сурак берген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар