Президент 2010-жылдагы Июнь окуясында каза болгондору эскерди

Президент  2010-жылдагы Июнь окуясында каза болгондору эскерди

Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Ош облусуна барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирет.

Жээнбеков иш сапарынын биринчи күнүндө Июнь окуясынын 10 жылдыгына карата каза болгондору эскерип, Ош шаарындагы «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексине гүл койду. Июнь окуясында каза болгондорго багышталып куран окулду.

Каза болгондордун туугандары жана окуянын катышуучулары менен болгон баарлашууда Сооронбай Жээнбеков ошол күндөрү болгон трагедиянын, эл башына түшкөн кайгы-муңдун издери дале болсо өчө электигин  белгилеген.

“Сиздер менен чогуу чыр — чатакты токтотуу үчүн, тартипти калыбына келтирүү үчүн, элдин тынч турмушун улантуу үчүн тикебизден тик турдук. Баары эсимде. Ал күндөрү жакынын жоготкон ар бир мекендешимдин арманын, силердин кайгы–муңуңарды сезип, жүрөгүм менен кабыл алам”, — деген Президент.

Мындан 10 жыл мурун болгон июнь окуясында  446 адам каза болуп, эки миңге чукул жаран ар кандай жараат алган. Ошол окуя учурунда 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек. Массалык башаламандыкка байланыштуу 100дөн ашуун адамга издөө жарыяланган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>