Сүрөт — Президент агроөнөр жай көргөзмөсүнө жана жарманкеге барды

Сүрөт — Президент агроөнөр жай көргөзмөсүнө жана жарманкеге барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-октябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан «АгроТехЭкспо-2022» айыл чарба техникасынын көргөзмөсүнө жана «Алтын күз» жарманкесине барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы «АгроТехЭкспо-2022» көргөзмөсүнө коюлган айыл чарба техникалары, ошондой эле мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү жана кайра иштетүү тармагындагы жетишкендиктер менен таанышты.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров «Алтын күз»  жарманкесинде өлкөнүн аймактарында өндүрүлгөн айыл чарба продукциялары менен таанышты.

Андан соң, мамлекет башчысы Кыргызстандын айыл чарба кызматкерлеринин күнүнүн 95 жылдыгына жана агроөнөр жай тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган иш-чарага катышты.

Ал айыл чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, агроөнөр жай тармагы өлкөнүн социалдык-экономикалык туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого чоң салым кошуп жатканын белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстандын ак ниет эмгеги жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн, Айыл чарба министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына байланыштуу төмөнкү ишкерлерге жана айыл чарба кызматкерлерине ыраазычылык билдирди:

Мирлан Мырзакановго — «Эфтар Агро Комплекс» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;

Гүлүмкан Болотовага — «Чабрец» дыйкан-фермердик чарбасынын башчысынын мал чарбасы боюнча орун басары;

Александр Колодняжныйга — «Кирби» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;

Эмильбек Кыдыкмановго —Айыл чарба министрлигинин стратегиялык пландоо жана талдоо жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы;

Мырзабек Орумбаевге — «Адал Азык» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>