8-март аялдардын Эл аралык майрамына карата президент Сооронбай Жээнбеков жалпы аялзатына ден соолук, албан ийгиликтерди каалап, куттуктоо жолдоду.
«Аялзаты ар дайым аруулугу, назиктиги, боорукердиги жана акылмандыгы менен биздин жашообузду көрккө бөлөп келет.
Азыркы кезде аялзаты коомубуздун экономикалык, саясий турмушуна, мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарынын ишине жигердүү катышып жатышат.
Бардык аракетибиз аялдардын жашоо турмушун жакшыртууга, үй-бүлөсүнүн келечеги ишенимдүү болушуна ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган», — деп айтылат өлкө башчысынын куттуктоосунда.