“Кыргызстан” партиясы мугалим айымдарды 8-март майрамы менен куттуктады

“Кыргызстан” партиясы мугалим айымдарды 8-март майрамы менен куттуктады

“Кыргызстан” саясий партиясы 200дөн ашык мугалим айымды 8-март аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктады.

“Бул күн — адамзаттын башкы кооздугу Аялзаты экендигин баса белгилеген майрам. Сиздер, өсүп-өнүгүүнүн ажырагыс символусуңар, жашоодогу бакыт жолунда ар бир мырза аракет кылып жетсем деген максат, бул — сиздерсиздер.

Биз бул жылы, өлкөбүздөгү мугалимдердин өнүгүүгө болгон салымына өзгөчө көңүл бургубуз келип жатат. Эмнегедир, мугалимдик кесипти аркалагандардын дээрлик көпчүлүгү айымдар. Биз, ар бир мугалимдин коомдогу артыкчылыктары жана укуктары тиркелген конститутциялык мыйзамды бекиткибиз келет.

Биз сиздердин Мамлекетибизди куруудагы ар бириңиздердин кошкон салымыңыздарды буга чейин баалап келгенбиз жана мындан ары да баалайбыз. 5 жыл мурда, “Кыргызстан” партиясы Энелик капиталдын жаңы форматын ишке ашырып, азыркы учурда жаңы төрөгөн ымыркай үчүн ар бир энеге 4000 сом “сүйүнчү” берилет. Бул болгону биринчи кадам эле, биз албетте бул көрсөткүчтү 50000 сомго жеткидей кылып дагы көбөйтөбүз.
Силер — биздин мугалим”, — деп жазылат партиянын куттуктоосу.

[su_image_carousel source=»media: 22715,22712,22713,22714,22716,22717,22718″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>