Президент Америкага учуп барган учак. Соцтармактардын реакциясы

Президент Америкага учуп барган учак. Соцтармактардын реакциясы

Бүгүн, 20-сентябрда президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына (АКШ) барды.

Журналисттер FlightRadar24 сайтына таянып, президент Бишкектен Америкага кымбат баадагы Bombardier Global Express XRS (D-AFAM номерлүү) учагы менен барганын жазышты.

Азыркы учурда президенттин басма сөз кызматы же маалымат катчысы президент Америкага учуп барган учак боюнча расмий маалымат бере элек.

Кыргызстандын эли Баткенге жана аскерлерге жардам чогултуп жаткан маалда «президент Америкага кымбат баадагы учак менен барды» деген маалымат коомчулуктун сынына кабылды.

Социалдык тармактын колдонуучулары аталган учакты киреге алып, Америкага барып-келүү канча турарын эсептеп, болжолдуу баасын чыгарууга аракет кылууда.

Ошол эле учурда айрым колдонуучулар бул учак менен барып-келгенге 300 миң доллар кетери айтылып жаткандыктан, ал акчага пайдалуураак эмне алса болорун жазышууда.

Айрымдар былтыр Садыр Жапаров Улуу Британияда өткөн Климаттын өзгөрүшү боюнча конференцияга да кымбат баадагы учак менен барганын кыйытып, былтыркыдай эле бул ирет да «бюджеттен акча кеткен жок» деген жооп айтыларын күтүүдө.

Кээ бирлер азыркы тапта Баткенге эл жапа тырмак акча чогултуп, кичинекей балдар да топтогон акчасын Баткенге жардам катары берип жатканын, ал арада элди үнөмдүү болууга чакырган президент кымбат баадагы учак менен Америкага барганын сындап, президентти уяткарууда.

Социалдык тармактарда сын айткандардын бирине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жооп жазып, президенттин Нью-Йоркко кымбат баадагы учак менен кеткенин төгүндөгөн жок

 

Биздин материал чыккандан кийин президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков бул баселе боюнча түшүндүрмө берди.

«Айрымдар «президент Садыр Жапаров Америкага учак менен учуп кетиптир», — деп ызы-чуу түшүп жатышат. Урматтуу кыргызстандыктар! Азыр барыңыздар көрүп турасыздар, абал тынч эмес. Өлкөбүзгө куралдуу кол салуу болду, ал аз келгенсип, биздин үстүбүздөн карандай жалаа жабылып, дүйнөлүк коомчулукка Кыргызстанды жаман көрсөтүү аракеттери болуп жатат. Президенттин Нью-Йоркко сапары учурда өтө зарыл иштердин бири болчу. Андыктан өлкө башчысы чукул учуп кетти. Ал жакта мамлекетибиз үчүн маанилүү иш-чаралар, жолугушуулар өтөт. Кайра ыкчам келип, кызматтык милдетин аткарышы керек. Азыр сезгенге биздин абал оңой эмес. Ойлошуңуздар мүмкүн, «каттамдар менен эле барып келбейби», — деп. Каттамды күтүп, жоон топ делегация ээрчишип алып терминалдарда туруп, улам рейс алмаштырып барып келгиче убакыт жолго эле кетет. Учурда ар бир саат кымбат билсеңиздер.

Учактын чыгымынын оозуна баткан цифраларды жазып, элдин башын айлантып жаткандар, жалаанын жоопкерчилиги бар экенин сезиңиздер. Мамлекетибизге күйсөк анда ар кандай бей жай жалаалардан алыс бололу», — деп жазды ал.

 

Bombardier Global Express XRS учагы

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>