Президент Бишкектин электр берүү линияларын жана көмөкчордондорун модернизациялоого 300 млн доллар бөлөт

Кыргызстандын президенти Бишкекти электр менен камсыз кылуу үчүн электр берүү линияларын жана көмөкчордондорду курууга өзүнүн фондунан 300 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу 21-июлда өткөн брифингде энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди.
Анын айтымында, өткөн жумада министрлик мамлекет башчысына энергетика тармагындагы кырдаал боюнча маалымат берип, энергосистемага болгон жүктөмдү азайтуу боюнча сунуштарын берген.
Министр 19-июлда Кыргызстанда электр энергиясын керектөө тарыхый эң жогорку чекке — 50,1 миллион киловатт-саатка жеткенин эскертти.
Рысбеков жүктөмдүн кескин өсүшү аномалдуу ысыкка байланыштуу экенин түшүндүрдү. Анын айтымында, абанын температурасы 45 градустун тегерегинде болгондо электр берүү линияларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү болжол менен 25 пайызга төмөндөйт.
«Жабдуулардын бузулушуна, аварияларга жана күчтүү трансформаторлордун иштен чыгышына жол бербөө үчүн биз профилактикалык жөнгө салуу иш-чараларын жүргүзүүгө мажбур болдук. Көмөкчордондор үчүн ири трансформаторлорду жасоо 90дон 120 күнгө чейинки убакытты талап кылат, ошондуктан энергосистеманы коргоо үчүн тийиштүү чараларды көрүү зарыл болчу», — деди министр.
Ал жүргүзүлгөн иш-чаралар бир гана аномалдуу жогорку температурага жана электр энергиясын керектөөнүн кескин өсүшүнө байланыштуу болгонун баса белгиледи.