Маматалиев кыргызстандыктарды Билим күнү менен куттуктадыТегеран Ларк аралына АКШнын соккусунан кийин БУУнун Коопсуздук Кеңешине кайрылды«ШКУ өз күчүн далилдеди»: Садыр Жапаров Бишкектеги юбилейлик саммитти ачтыБишкекте ШКУ саммити ачылды — мамлекет башчылары жыйынга чогулуштуПутин Бишкектеги ШКУ саммитинде алты эки тараптуу жолугушуу өткөрөтБүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт. Эмнелер талкууланат?
Садыр Жапаров өлкөнүн электр энергиясын импорттоодон көз карандылыгын уят иш деп атады
21.07.2026 | 13:11

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров эгемендик жылдарында өлкөдө Камбар-Ата-2 ГЭСинин бир гана агрегаты ишке киргизилгенин, натыйжада республика ушул күнгө чейин коңшу мамлекеттерден электр энергиясын сатып алууга мажбур болуп жатканын билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, Кыргызстан коңшу өлкөлөргө суу берет, бирок кышында өзү электр энергиясын импорттойт.
«Бул абдан уят иш. Ири суу ресурстарынын башында туруп, ушул жылдар аралыгында бир дагы чоң гидроэлектр станциясын курбаганыбыз үчүн гана биз электр энергиясынын таңсыктыгын тартып жатабыз», — деп билдирди Жапаров.
Президент белгилегендей, акыркы беш жылдын ичинде Кыргызстанда 50гө жакын чакан жана орто гидроэлектр станциялары ишке киргизилди, дагы 50дөй объект курулуп жатат.
Ошону менен бирге электр энергиясынын тартыштыгын толугу менен жоюуга азырынча мүмкүн боло элек, анткени жаңы завод-фабрикалардын, социалдык объекттердин жана турак үйлөрдүн курулушуна байланыштуу аны керектөөнүн көлөмү улам өсүүдө.
Жапаров электр энергиясынын тартыштыгы маселеси чечилерине ишенимин билдирип, бүгүнтөн тарта энергетика министри күн сайын коомчулукка энергетика тармагындагы кырдаал тууралуу кеңири маалымат берип турарын кошумчалады.