Президент Садыр Жапаров грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль уткан Жоламан Шаршенбековду куттуктады.
“Намыска жарадың Жоламан, баатыр! Азаматсың! Кыргыздын баатырлык сапатын дагы бир жолу даңазалап, күйөрмандарың үчүн да, жалпы кыргыз эли үчүн да эң мыкты кармаш көрсөттүң. Силердей спорттун чеберлеринин ар бир мындай жогорку жеңиши артыңарда өсүп келе жаткан жаш балбандар үчүн да чоң шыктандыруучу мааниге ээ.
Сага бекем ден соолук, спорттук ийгилик ар дайым жылмайып турушун каалайм. Чоң спортто сен багынта турган мындан да чоң жетишкендиктерге кыргыз эли менен чогуу күбө бололу”, — деп президент соцтармакка билдирүү калтырган.
Сербияда өтуп жаткан дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча беттеште Жоломан Шаршенбеков (60 кг) жана Акжол Махмудов (77 кг) алтын медаль утса, Амантур Исмаилов (67 кг) коло байгеге ээ болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз