Президент энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режим киргизди

Президент энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режим киргизди

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Климаттык чакырыктарга, Нарын дарыясынын бассейнине суунун аз киришине, энергияны керектөөнүн тездик менен ашыкча өсүшүнүн шартында генерациялоочу кубаттуулуктун жетишсиздигине байланышкан энергетикалык кризистен Кыргыз Республикасын чыгаруу боюнча шашылыш чараларды көрүү максатында, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

1. 2023-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын энергетика тармагында 2026-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө колдонулуучу өзгөчө кырдаал режими жарыялансын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир жумалык мөөнөттө:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы № 62 “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө” Жарлыгына ылайык андан ары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондуна өткөрүп берүү менен энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн жарактуу жер участокторун аныктоо жана бөлүп берүү укугун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине берсин;

2) өзгөчө кырдаал режими колдонулган мезгилде Кыргыз Республикасынын энергетика министрине оперативдүү тартипте төмөнкүдөй өзгөчө укук берсин:
– жер жана суу фонду, жер казынасын пайдалануу маселелерин тескеген Кыргыз Республикасынын айыл чарба, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлеринин орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин, “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасынын директорлорунун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын Кыргыз Республикасынын аймагында энергетика чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу бөлүгүндө ишин жалпы координациялоону жүзөгө ашырууга;
– ушул Жарлыктын 2-пунктунун 2-пунктчасынын экинчи абзацында көрсөтүлгөн кызмат адамдарын ушул Жарлыкты ишке ашырууга байланышкан чаралар талаптагыдай аткарылбаган учурда ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;

3) энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн жарактуу жер участокторун инвентаризациялоону жүргүзсүн жана
2023-жылдын 1-сентябрынан тартып белгиленген тартипте энергетика чөйрөсүндөгү объекттерди курууга арналган, максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган же техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу, энергетикалык объекттерди долбоорлоо жана куруу боюнча иштер баштала элек жер участокторун пайдалануу укугун токтотууну демилгелесин;

4) энергетика тармагындагы мамлекеттик катышуу үлүшү бар мамлекеттик ишканаларга, акционердик коомдорго жана алардын туунду коомдоруна өзгөчө кырдаалдын көрсөтүлгөн режимин киргизүү менен байланышкан иш-чараларды жүзөгө ашыруунун алкагында товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү бир булактан методу менен сатып алууга уруксат берсин;

5) Кыргыз Республикасынын энергетика министринин ушул Жарлыктын талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилигин белгилесин.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>