Талайбек Конкобаев Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү тескемеге Садыр Жапаров кол койгон.
“Тескемеге ылайык, КРнын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргызстандын мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Конкобаев Талайбек Тажиматович Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалды”, — деп айтылат маалыматта.
Президенттин дагы бир тесмесине ылайык, Алмазбек Балташов Кара-Көл шаарынын мэри кызматынан бошотулду