Президент Өзгөндөгү айланма жолду Ташиевдин уулу куруп жатканын ырастады

Президент Өзгөндөгү айланма жолду Ташиевдин уулу куруп жатканын ырастады

Президент Садыр Жапаров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев Өзгөндөгү айланма жолду куруп жатканын ырастады. Бул тууралуу ал «Кабар» агенттигине комментарий берип жатып билдирди.

Белгилүү болгондой, буга чейин Temirov live каналы Өзгөндөгү айланма жолду кимдер куруп жатканы тууралуу иликтөө чыгарган. Иликтөөдө айтылгандай, аталган жолду Тай-Мурас Ташиев менен Аскарбек Каландаров негиздеген «Тез жол» жана «Жагалмай» компаниялары тарабынан салынууда. Ал эми «Жагалмай» компаниясы Таймурас Ташиев менен мурдагы транспорт министри Нурлан Сулайманов ачкан «Гранд Холдинг» компаниясы тарабынан негизделген. Өзгөндөгү айланма жол Кыргызстандагы биринчи акы төлөнүүчү жол болуп, андан түшкөн пайданы мамлекет менен аталган эки компания алат.

Аталган иликтөөдөн кийин «Кабар» агенттиги Садыр Жапаровго комментарий алуу үчүн кайрылган.

Жапаровдун айтымында, аталган жолду баштардын мурда алар аны салууга канча акча кетерин эсептеп чыгышкан. Ага кете турган акча көп жылда өзүн актай тургандыктан, ага инвестор тартууну чечишкен. Бирок бир да инвестор келген эмес. Ошондой эле мамлекет инвесторлорго башка жолдорду куруу үчүн берүүгө даяр.

«Бирок бир дагы компания же жеке жактар «мен салам» деп келген жок. Анткени жол өзүн-өзү узак убакытта актайт. Ал эми Өзгөн айланма жолун салып жаткан Тай-Мураска ыракмат эле айтпайлыбы.

Акчасы бар адамды, инвесторду таап келип салып жатканына ыраазы болушубуз керек. Тай-Мурас эгер мамлекетке зыян келтире турган болсо, өзү ачкан компанияны киргизмек беле? Андай боло турган болсо бат эле билинип каларын жакшы билет да. Мамлекетке пайда келтирип жатканы үчүн ишенимдүү түрдө киришип жатат да», — деди Жапаров.

Белгилей кетсек, Өзгөндөгү айланма жолдун узундугу 13,49 чакырымды түзөт. Анын курулуш иштери жыл башында башталып, жыл соңунда аяктары кабарланган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>