Кыргызстанда кореялык унааларды чыгарган завод ачылышы мүмкүн

Кыргызстанда кореялык унааларды чыгарган завод ачылышы мүмкүн

Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Корея Республикасындагы расмий иш сапарынын алкагында Hyundai Motor Company өнөр жай ишканасынын Асан шаарындагы заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, Hyundai Motor Company — Түштүк Кореядагы дүйнөгө белгилүү ири автоунаа өндүрүүчү компания болуп эсептелет. Анда автоунаалардан тышкары поезддер, аскердик техникалар жана түрдүү өндүрүштүк жабдуулар чыгарылат.

Өндүрүштүн жүрүшү менен тааныштырган Асан шаарындагы заводунун улук вице-президенти Ли Ки Со Hyundai Motor Company суутекти үнөмдүү энергия булагына айлантуу аркылуу глобалдык коомдун таза энергияга өтүүсүнө көмөктөшүү жаатында алгылыктуу аракеттерди көрүп жатканын белгиледи.

Баарлашуу маалында төрага Нурланбек Шакиев компаниянын Бишкектеги борбору ийгиликтүү иштеп жатканын эске салып: “Корея Республикасында чыгарылган унаалар сапаттуулугу жана баасынын ыңгайлуулугу менен Кыргызстанда чоң суроо-талапка ээ. Андыктан калыптанган кызматташтыкты кеңейтип, керектүү долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга кызыктарбыз”, – деди. Муну менен катар компаниянын филиалдарынын бирин Кыргызстандын аймагында ачып, завод куруу мүмкүнчүлүгүн да караштырууга чакырды.

Өз кезегинде компаниянын өкүлү Ли Ки Со айтылган сунуштардын баары маанилүү экенин белгилеп, бул жаатта тийиштүү жумуштарды алып барышарын кошумчалады.

Эскерте кетсек, компанияга тиешелүү ири үч заводдун бири катары таанылган Асан шаарындагы өндүрүштүк мекемеси 32 миң чарчы метр аянтты ээлеп, 4 миң адам эмгектенет. Бирок иштин 90%ы автоматташтырылган жана күнүнө 1100 автоунаа жасалат.

Азыркы тапта чыгарылып жаткан жаңы унаалардын алгачкы наркы 10 миң доллардан 150 миң долларга чейин бааланат. Ушундай эле заводдор Кореядан тышкары дүйнөнүн алты мамлекетинде курулган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>