Президент Жапаров геологдорду кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Жапаров геологдорду кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-апрелде, өлкөнүн геологдорун кесиптик майрамы — Кыргызстандын Геологунун күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу геологдор жана тоо-кен тармагынын ардагерлери! Геология тармагы Кыргыз Республикасынын экономикасынын бюджетин түзүүчү жана стратегиялык багыттарынын бири болуп саналат, ал эми геологдордун эмгеги биздин өлкөнүн өнүгүшү үчүн зор мааниге ээ.

Сиздердин илимий жана иш жүзүндөгү ийгиликтериңиздер Кыргызстандын инвестициялык климатын жакшыртууга жана өлкө экономикасына инвестицияларды тартууга чоң өбөлгө болууда.

Биздин баа жеткис байлыгыбыз – жер казынабыз социалдык-экономикалык жана рекреакциялык мүнөздөгү көптөгөн курч маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ушуга байланыштуу жер казынасын жана кен байлыктарын туура пайдалануу жаатында туруктуу саясатты камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын маанилүү багыты катары каралууга тийиш.

Бүгүнкү күндө бул тармакка болгон мамиле кескин өзгөрдү. Мамлекет өзү стратегиялык кендерди жергиликтүү мамлекеттик ишканалар аркылуу иштетүүнү колго алды.

Жасалган реформалардын жыйынтыгында региондордун инфратүзүмүн өнүктүрүү, жергиликтүү калкты иш менен камсыз кылуу жүзөгө ашып, аймактардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү жанданууда.

Геологдордун талыкпас эмгегинин аркасында Кыргыз Республикасынын минералдык-сырьелук базасы түзүлдү. Алдыбызда аны өнүктүрүү, коргоо, ырааттуу жана сарамжалдуу пайдалануу милдети турат.

Биз жер казынасын пайдалануу чөйрөсүнө инвестиция тартууга шарттарды түзүү менен бирге дүйнөлүк алдыңкы ыкмаларды өздөштүрүүгө умтулуубуз зарыл.

Урматтуу тоо-кен тармагынын ардагерлери! Геология жана тоо-кен тармагында жалаң күчтүү, эрктүү, өз ишине берилген, жумушун чын ыкласы менен аткарган кесипкөй адистер эмгектенип келген жана азыр да ишин улантууда. Дал ушундай сиздердин чыгармачыл жана интеллектуалдык дараметиңиздер менен өлкөнүн геологиялык кызматын мындан ары өнүктүрүү үчүн туруктуу негиз жаралды.

Сиздер мындан ары кийинки муундарга ак кызмат кылуунун үлгүсү болуп, мол тажрыйба, терең билимиңиздерди жаш геологдорго өткөрүп бересиздер деп ишенем. Бардык кызматкерлерге жана ардагерлерге ак ниет эмгеги үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирем. Баарыңыздарга чың ден соолук, бакубат турмуш жана ары татаал, ары катаал, биресе кызыктуу жана пайдалуу ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм!».

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>