Президент: Эл жол киренин айынан кыйналбашы керек

Президент: Эл жол киренин айынан кыйналбашы керек

Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде, «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде жана конкурска катышкан шаарлардан келген активдүү жаштар менен жолугушуу учурунда коомдук транспортторго болгон жол киренин көтөрүлүшү боюнча пикирин билдирген.

Президенттин айтымында, жол акысы калк үчүн өтө жогору болбошу керек. Жол киреге өзгөртүү киргизүүнү карап жаткан шаарлардын мэриялары пенсионер, студент жана окуучулар үчүн жеңилдиктер түзүлүшү керек.

“Бишкекте коомдук транспортторго болгон жол акысы 2012-жылдан бери өзгөргөн эмес. Шаар мэрине бул маселени коомчулук менен талкуулоо боюнча тапшырма бердим. Эл тарифтин айынан кыйналбашы керек. Пенсия жана жөлөк пулдар да көптөн бери көтөрүлө элек. Бирок көп жылдан бери экономиканы өнүктүрө турган бир дагы завод, фабрикалар курулбаганын түшүнүшүбүз керек”, — деген Жапаров.

Буга чейин Бишкек шаар башкармалыгы жол акыны көтөрүүгө байланыштуу маселени коомдук талкууга коюп жатканын мэриянын басма сөз кызматы кабарлаган. Анда жол кирени көтөрүүгө байланыштуу үч вариант иштелип чыккан. Ага ылайык, биринчи вариант — азыркы бааны калтыруу, экинчиси — автобус, троллейбуста жүрүүнүн наркын 11 сом, маршруттук унаалардын жол акысын 15 сомго көтөрүү, үчүнчү вариант — автобуста 15, троллейбуста 11, маршруттук унааларга 19 сом төлөп жүрүү сунушталган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>