Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Орусия: Доллар, евродон бөлөк валюталарды сатып алууга укук берилди
20.05.2022 | 17:19
Орусиянын Борбордук банкы 20-майдан тарта доллар жана евродон башка чет элдик валютаны жарандарга сатууга чектөөнү алып салды. Бул тууралуу Орусиянын көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.
АКШ долларынан жана евродон башка валюталарды чектөөсүз сатууга уруксат банктарда чет элдик банкноттордун калдыктары бар экендигине байланыштуу. АКШ доллары менен еврону накталай сатууга учурдагы чектөөлөр сакталууда.
“Ушул жылдын 9-сентябрына чейин жарандар 2022-жылдын 9-апрелинен баштап банктардын кассаларына түшкөн АКШ доллары менен еврону гана сатып ала алышат“, — деп түшүндүрөт Орусия банкы.
Буга чейин мындай чектөөлөр накталай валютанын бардык түрлөрүнө карата колдонулчу.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар