Ошто Патрулдук милиция кызматы ишке кирди

Ошто Патрулдук милиция кызматы ишке кирди

Ош шаарында Патрулдук милиция кызматы ишке кирди. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Жаңы ишке кирген кызмат шаардык милициянын Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы менен Патрулдук кайгуул кызматын бириктирүү аркылуу негизделген

Биринчи баскычта аталган кызматка 114 киши сынак аркылуу тандалып алынган. Алар эми 22 машине менен коомдук тартипке жана жол кыймылынын коопсуздугуна көзөмөл жүргүзөт.

Алгач бул кызмат 2019-жылдын 30-октябрында Бишкек шаарындп ишке ашып, системалуу талдоо жүргүзүлгөндөн кийин республиканын башка аймактарында да иштеп баштары айтылган.

Патрулдук милицияны түзүү Ички иштер министрлигин реформалоонун багыттарынын бири болуп саналат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>