Президенттин инисине козголгон кылмыш иши жакында сотко өтөт

Президенттин инисине козголгон кылмыш иши жакында сотко өтөт

Президент Садыр Жапаровдун бажыдагы коррупцияга шектелип кармалган иниси Улан Жапаровго козголгон иш жакында сотко жөнөтүлөт.

Reporter.kg’ге ИИМден билдиришкендей, аталган иш боюнча тергөө дээрлик аяктап калды. Келерки аптанын аягында сотко жиберилет. ИИМ тергөөнүн купуялуулугуна таянып бул иш боюнча канча адам шектүү экенин айткан жок.

Ошол эле учурда Улан Жапаровдун үй камактагы мөөнөтүн узартуу маселеси сотто каралбаганы белгилүү болду. Анын бөгөт чарасынын мөөнөтү 26-декабрда аяктамак. Биринчи май райондук соттон билдиришкендей, аларга Улан Жапаровдун бөгөт чарасын узартууну кароо үчүн материалдар келип түшкөн эмес.

Улан Жапаровдун бөгөт чарасы эмне себептен каралбаганы азырынча белгисиз. ИИМден бул боюнча жооп алууга мүмкүн болгон жок.

Эскерте кетсек, Улан Жапаров Садыр Жапаровдун тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу болуп саналат. Ал быйыл июль айынын башында бажыдагы коррупциялык ишке аралашкан деп кармалган. Улан Жапаров №1 тергөө абагында 3,5 ай камакта отургандан кийин 19-октябрда үй камагына чыгарылган.

Акыркы жолу Улан Жапаровдун бөгөт чарасы 21-ноябрда каралып, үй камагынын мөөнөтү 26-декабрга чейин узартылган.

Аталган кылмыш ишин ИИМ тергеп жатат.

Президент Жапаровдун коррупцияга шектелген инисинин үй камагынын мөөнөтү узартылды

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>