ИИМдин Күзөт кызматына руханий өнүгүү боюнча лекциялар өткөрүлүүдө

ИИМдин Күзөт кызматына руханий өнүгүү боюнча лекциялар өткөрүлүүдө

ИИМдин Күзөт кызматында инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү боюнча лекциялар уюштурулуп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Бүгүн, 31-июлда ИИМдин Күзөт кызматында өздүк курамды руханий жактан тарбиялоого кошкон салымдары үчүн «Бакдөөлөт» фондунун бир катар мүчөлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Азем учурунда «Бакдөөлөт” фондунун мүчөсү С. Абдраимов өздүк курамга «Кут. Кутту уютуу жана демдин күчү. Улуттун деми» аталышында лекция окуган.

«Буга чейин бул фонддун өкүлдөрү Күзөт кызматынын жетекчилигинин колдоосу менен өздүк курамга «Атуулдук милдет», «Улуттун уулу болуу», «Мамиленин жашоодогу орду», «Кут. Кутту уютуу жана демдин күчү. Улуттун деми» деген аталыштагы бир нече лекцияларды өткөрүшкөн.

Андан сырткары, жакында ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчиси Каныбек Абдырахмановдун жана орун басарларынын, ИИМдин Күзөт кызматынын борбордук аппаратынын жана Бишкек шаарынын Күзөт бөлүмдөрүнүн, түзүмдөрүнүн жетекчилеринин, кызматкерлеринин катышуусунда «Бакдөөлөт» коомдук фондунун президенти Мелис Мураталиев «Манас» эпосундагы буга чейин айтылбай келген кызыктуу фактылар тууралуу баяндап берип, дүйнөлүк чыгармалар боюнча лекцияларды өткөргөн», — деп айтылат маалыматта.

Бул иш-чараларды аймактарда да өткөрүү колго алынууда. Бүгүн Күзөт кызматынын жетекчиси Каныбек Абдырахманов менен «Бакдөөлөт» коомдук фонду Ысык-Көл облусундагы Күзөт кызматынын кызматкерлерине лекция уюштурууга сапар тартышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>