Прокуратура 5 млн. сом казынага зыян келтирген фактыны тапты

Прокуратура 5 млн. сом казынага зыян келтирген фактыны тапты

Баш калаадагы №10 жана №46 орто мектептерде жүргүзүлгөн капиталдык ондоо иштерди кабыл алууда мамлекетке 5 млн. 830 миң сом зыян келтирилген. Бул туурасына баш көзөмөл органдан билдиришти.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан 2017-жылы Бишкек шаарындагы №46 орто мектебин капиталдык ондоо иштерин жүргүзүү боюнча өткөрүлгөн тендердин жеңүүчүсү деп 5 млн. 268 миң сомду сунуштаган “Д.” ачык акционердик коомунун филиалы табылып, ал эми 4 млн. 659 миң сом сунуштаган “М.К.Дж” жоопкерчилиги чектелген коомунун сунушу мыйзамсыз четке кагылгандыгы такталган. Натыйжада, мамлекетке келтирилген зыян 609 миң сомду түзгөн.

Мындан сырткары, аталган обьект боюнча капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары “Д.” акционердик коомунун өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп, аткарылган жумуштар үчүн 3 млн. 6 миң сомго баасы негизсиз көбөйтүлгөн актыга кол коюшкан.

Ошондой эле, 2017-2018-жылдары “И.Т.” жоопкерчилиги чектелген коому менен түзүлгөн келишим боюнча Бишкек шаарындагы №10 орто мектепте 31 млн. 346 миң сомдук капиталдык ондоо иштери жүргүзүлүп, жасалбаган иштер үчүн 2 млн. 214 миң сомго негизсиз көбөйтүлгөн жумуштарды кабыл алышкан.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чогултулган материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 329-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен катталып, тергөө иштери башталды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>