ДКӨнүн ачылышында «Бишкек-Аренага» 30 миңге жакын көрүүчү чогулду — сүрөтӨмүрбек Бабанов президенттикке талапкерлигин коёр-койбосу тууралуу айтты — видеоКыргызстандын финансы секторунун кардарларынын саны 26 миллиондон аштыТүркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жубайы менен Кыргызстанга келдиСадыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугуштуПакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Кыргызстанга келди
Прокуратура: Таш-Көмүрдө бала бакчанын жери менчикке мыйзамсыз берилип кеткен
14.02.2025 | 14:48
Таш-Көмүр шаарында бала бакчанын жер тилкесинин мыйзамсыз менчикке өткөрүлүшү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Шаардык прокуратура жүргүзгөн текшерүүдө мэриянын жооптуу кызмат адамдары “Мишутка” балдар бакчасына таандык 3 млн 500 миң сомдук 17,17 сотых жерди жеке менчикке мыйзамсыз берип жиберишкендиги аныкталган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштерин жүргүзүү шаардык милицияга тапшырылды.
Учурда бала бакчанын жер тилкесин кайтаруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом