Садыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керекМанас Кыргызстандагы экинчи экономикалык борбор макамын алатКыргызстанда 2027-жылдын январынан тарта бир катар социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйөтЖылуу күндөрдү узатабыз: Бишкектин борборунда кайсы жайкы аянтчаларда отурса болот
Психикалык оорулуу жарандарга айдоочулук күбөлүктөр берилген
23.04.2025 | 09:32
Нарын облусунун Жумгал районунда психикалык жактан оорулуу катары каттоодо турган 3 жаранга айдоочулук күбөлүктөр берилген. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган райондун жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жооптуу кызмат адамдары каттоодо турган аталган 3 жаранга “психикалык жактан оорубайт” деген медициналык корутундуларды беришкени аныкталган.
Мындан улам Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинин Жумгал сектору тарабынан аталган жарандарга “В, С” категориясындагы айдоочулук күбөлүктөр берилген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү(кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар