Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен болгон талаштан кийин кечирим сурадыБишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстү
Путин коронавируска каршы вакцинаны экинчи ирет алды
14.04.2021 | 18:07
Орусиянын президенти Владимир Путин коронавируска каршы вакцинаны экинчи ирет алды. Ал үч жума бир күн өткөндөн кийин экинчи жолу эмделди.
Путин эмдөөдөн кийин «бир аз тер басты» деди, бирок дене табы нормалдуу болгон.
Президент башка жарандар андан үлгү алышат жана эмдөөдөн өтүшөт деген ишенимин билдирди.
Президент вакцинанын биринчи компонентин 23-мартта алган.
Биринчи вакцина алгандан кийин президенттин өкүлү Дмитрий Песков мамлекет башчы өзүн жакшы сезип жаткандыгын, ал кадимкидей эле иштей бергенин билдирди. Ошол эле учурда Песков Путин Орусияда иштелип чыккан үч вакцинанын кайсынысы эмделгенин так айткан жок.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар