Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен болгон талаштан кийин кечирим сурадыБишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстү
Атамбаевге соттук-медициналык экспертиза дайындалды
14.04.2021 | 17:44
Бүгүн, 14-апрелде Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум болду. Биринчи Май райондук сотунун судьясы Азирет Медеров ‘экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ден-соолугунун абалын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындоо жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева билдирди.
Маалыматка ылайык, Кой-Таш окуясы боюнча сот жараяны экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин токтотулат.
Ошондой эле, саясатчы Равшан Жээнбеков бүгүнкү отурумга катышкан жок. Анын жактоочулары сотко оору тууралуу маалымкат беришкен, ал коронавируска шектелген.
Саясатчы Равшан Жээнбеков коронавирус жуктуруп алууга шектелип жатат
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат