Путин Орусияда мигранттардын жүрүү эрежелерин катаалдаштырган мыйзамдарга кол койду

Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө мигранттардын жүрүү эрежелерин катаалдаштырган мыйзамдардын топтомуна кол койду.
Ага ылайык, чет элдик жарандар аймактык коэффициентти эске алуу менен өзүн жана үй-бүлө мүчөлөрүн жашоо минимумунан кем эмес деңгээлдеги каражат менен камсыз кылууга милдеттүү болот. Ошол эле учурда, ал орточо айлык акынын өлчөмүнөн ашпоого тийиш. Эгерде мигрант Орусиянын бир нече субъектинде бирдей эле учурда иштесе, эсептөө эң жогорку көрсөткүч боюнча жүргүзүлөт.
Мыйзам ошондой эле мигранттардын кирешелерин көзөмөлдөө механизмин киргизет. Салык органдары алардын үч, алты, тогуз жана 12 айлык кирешелери тууралуу маалыматты ИИМге жөнөтүп турат. Ал эми Орусиянын Социалдык фонду алардын эмгек ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтарды берип турат. Эгерде чет элдик жарандын кирешеси белгиленген деңгээлден төмөн болуп калса, анын эмгек келишими токтотулду деп эсептелип, Орусияда жүрүү мөөнөтү кыскартылат.
Мындан тышкары, мигранттардын балдарынын (анын ичинде асырап алынган же камкордукка алынгандардын) убактылуу жүрүү мөөнөтү ата-энесинин патентинин мөөнөтү канчага узартылса, ошончо убакытка узартылат, бирок бала 18 жашка чыкканга чейин гана.
Өлкөдө жүрүү мөөнөтүн узартуу үчүн чоңдор ар бир баласын эске алуу менен жеке адамдардын киреше салыгы (НДФЛ) боюнча аванстык төлөмдү төлөөгө милдеттүү болот. Эгерде патент узартылбаса же жокко чыгарылса, чет элдик жаран балдары менен бирге 15 күндүн ичинде Орусиядан чыгып кетүүгө тийиш.
Мигрант 18 жашка чыккандан кийин 30 күндүн ичинде өлкөдөн чыгып кетиши керек. Эки гана учурда буга уруксат берилет: эгерде анын ал жакта жашоосу үчүн мыйзамдуу негиздер болсо, же ушул 30 күндүк мөөнөт аралыгында патент алууга арыз жазып, киреше салыгы (НДФЛ) боюнча аванстык төлөмдү төлөсө. Мындай шартта билим тууралуу документти көрсөтүү талап кылынбайт.