Соң-Көлдөн 6 чакырымдан ашык мыйзамсыз балык уулоочу тор табылды

27.07.2026 | 10:20

Соң-Көлдө өткөн эки күндүк рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз орнотулган жалпы узундугу 6 миң 250 метрди түзгөн эски синтетикалык балык уулоочу торлор табылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Рейдди министрликтин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору «Каратал-Жапырык» мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүштү.

Министрликтин маалыматына ылайык, иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 17-июлундагы №261 жарлыгынын алкагында өткөрүлдү. Аталган жарлыкка ылайык, Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө өнөр жайлык балык уулоого мораторий киргизилген.

Ведомстводон белгилешкендей, Соң-Көл Кыргызстандын өзгөчө баалуу жаратылыш байлыктарынын бири болуп саналат. Ошондуктан көлдүн экологиялык тең салмактуулугун сактоо, суудагы биологиялык ресурстарды коргоо жана мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу артыкчылыктуу багыттардын бири бойдон калууда.

Министрлик жарандарды экологиялык мыйзамдардын талаптарын так сактоого жана өлкөнүн жаратылыш байлыктарына аяр мамиле кылууга чакырды.

Scroll to Top