Путин украиналыктарга орус жарандыгын алуу эрежелерин жеңилдетти

Путин украиналыктарга орус жарандыгын алуу эрежелерин жеңилдетти

Орусия президенти Владимир Путин украиналыктарга орус жарандыгын алуу эрежелерин жеңилдетти. Жарлык 11-июлда жарыяланды.

Буга чейин жеңилдетилген тартип орусиялык жикчилдер көзөмөлдөгөн Донецк жана Луганск облустарына киргизилген. Кийинчерээк орусиялык аскерлер жарым-жартылай ээлеп алган Херсон жана Запорожье облустары да ушундай эле артыкчылык алган.

Документте Украинанын чыгышындагы Орусия тааныган жикчил республиканын жарандары, мындан тышкары Украинада туруктуу жашаган, бирок жарандыгы жок кишилер Орусия жарандыгын жеңилдетилген тартипте алуу үчүн арыз менен кайрылса болору жазылган.

Украина ТИМи Путиндин бул жарлыгы өлкөнүн эгемендигине кол салуу экенин жана эл аралык укук принциптерине карама-каршы келерин билдирди.

Орусия ээлеп алган аймактарда Кремль көзөмөлдөгөн администрациялар түзүлүүдө. Алардын жетекчилери Херсон жана Запорожье облустары Орусиянын курамына кошулушу керектигин билдиришүүдө. Аймактарда бул боюнча референдум өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө. 11-июлга карата орус аскерлери Харьков жана Николаев облустарынын бир бөлүгүн да ээлеп турат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>