Путин Жапаровду президент болуп шайлануусу менен куттуктады

Путин Жапаровду президент болуп шайлануусу менен куттуктады

Орусиянын президентти Владимир Путин Садыр Жапаровдун президенттик шайлоодон утуп чыгуусу менен куттуктады. Куттуктоонун тексти орус президенттинин расмий сайтына жарыяланды.

Анда Путин Жапаровдун ишине ийгиликтерди каалап, эки өлкөнүн көп жылдан бери өнөктөштүк  мамилеси дагы бекемдейт деген ишенимин билдирген. 

«Урматтуу Садыр Нургожоевич,

Сиздин Президент болуп шайланганыңызга байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду кабыл алыңыз.

Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мүнөздө. Орусия менен Кыргызстан ар кандай тармактарда жемиштүү кызматташуунун, ЕврАзЭС, ЖККУ, КМШ жана ШКУнун алкагында конструктивдүү өз ара аракеттенүүнүн бай тажрыйбасын топтошту.

Сиздин мамлекет башчысы катары ишмердүүлүгүңүз орус-кыргыз байланыштарынын бүткүл спектрин мындан ары өркүндөтүүгө өбөлгө болот деп ишенем. Бул, албетте, биздин дос элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына жооп берет, Борбордук Азия чөлкөмүндө туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо менен дал келет.

Сизге ийгилик, ошондой эле чың ден-соолук жана бакубат жашоо каалайм.

Урматым менен,

Владимир Путин», — деп айтылат куттуктоодо. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>