Райым Матримов мамлекетке 800 млн сомдон ашык каражат которду

Райым Матримов мамлекетке 800 млн сомдон ашык каражат которду

Финансы министрлиги тарабынан экономикалык мунапыс үчүн ачылган бирдиктүү депозитке жалпысынан 9-декабрга карата  912.1 млн сом келип түштү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, түшкөн каражаттын  807.3 млн сому — Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдон которулган.

Андан сырткары, финансы министрлиги өз ыктыяры менен тышкы карызды төлөөгө жардамдашууну каалагандар үчүн экинчи эсеп ачкан. Бул эсепке 3-декабрда алгачкы которуу болуп, 27 миң сом түшкөн.

Эске салсак, Матраимов 20-октябрда бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Кийинчерээк Матраимов мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды ноябрдын соңуна чейин толтуруп берүүгө даяр экенин билдирип, 80 миллион сом которгону маалымдалган.

20-октябрда Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>