Шакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйтУнаанын номерин кайра тариздөө кызматы эми «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүүЖККУ Ирандагы кырдаалга байланыштуу Борбор Азиядагы энергетикалык объектилерди коргоону күчөтүүгө чакырдыЧүй облустук театры Талас шаарына гастроль менен барат17-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуСадыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштады
Равшан Жээнбеков УКМКдан сурактан чыкты
11.10.2020 | 11:48
Саясатчы Равшан Жээнбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.
“Сурактан чыктым. Бир нече суроо берип кайра кое беришти”, – деп жазган ал.
Белгилей кестек Равшан Жээнбеков шайлоодон кийинки толкундоолор учурунда абактан чыккан. Ошол эле күнү мурадгы президент Алмазбек Атамбаев баштаган бир нече адам дагы абактан чыгарылган.
10-октябрь күнү УКМК менен ИИМдин биргелешип өткөргөн операциясынан кийин Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Канат Сагынбаев, Дамир Мусакеев, 11-октябрь күнү Салайдин Авазов кармалган.
Башкы прокуратура 10-октябрь күнү билдирүү таратып, абактан чыгып кеткендердин баарын өз ыктыяры менен кайра абакка кайтууну талап кылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат