Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Раззаковго учкан учак «Манас» аэропортуна кайтып келди
09.07.2026 | 12:23

Бүгүн, 9-июлда Бишкек — Раззаков каттамын аткарып жаткан Asman Airlines авиакомпаниясынын учагы учуп чыккандан кийин эле «Манас» аэропортуна кайтып келди. Бул маалыматты Reporter.kg сайтына «Кыргызстандын аэропорттору» ААКтын басма сөз кызматы тастыктады.
«Учак ийгиликтүү конду. Учак жүрүүчү тилкеде аны сүйрөгүч унаа (тягач) сүйрөп барды. Алдын ала маалыматтарга караганда, кайтып келүүнүн себеби техникалык мүчүлүштүктөр болгон», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Кийинчерээк ААКтан кошумчалашкандай, баштапкы текшерүүнүн жыйынтыгына ылайык, учакта баары жайында. Азыркы тапта адистер аны дыкат текшерүүдөн өткөрүп жатышат. Текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу компания кийинчерээк маалымат берет.
Теги: Кыргызстан, Манас аэропорту