Бишкекте Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат«Биз өзүбүздүн чоң үйүбүздү куруп жатабыз»: КРСУнун ректору Сергей Волков — университеттин келечеги тууралууБарскоон суусунда балыктардын өлүмү катталды. Учурда иликтөө жүргүзүлүүдөСоттолгондордун акысыз иштөө убактысын эки эсе көбөйтүү сунушталуудаЖАМКтын психиатриялык мекемеси 844 млн сомго курулатАгартуу министрлиги: мамлекеттик мектептердин окуу китептерин саткандарга чара көрүлөт
Рейтингдик мелдеш: Жумашбек уулу күмүш, дагы эки балбан коло утту
07.06.2024 | 09:00
Венгрияда өтүп жаткан рейтингдик мелдештин биринчи күнүндө кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбандар 1 күмүш, 2 коло байге утту.
Турнирдин алгачкы күнүндө килем үстүнө 4 балбан чыккан.
61 кг салмакта Тайырбек Жумашбек уулу финалга чейин жетип, бирок алтын үчүн беттеште армениялык Арсен Арутюнянга 1:4 эсебинде жеңилди. Натыйжада күмүш медалдын ээси болду. Ушул эле салмакта күрөшкөн Бекболот Мырзаназар уулу байгесиз калды.
Ошондой эле Алмаз Сманбеков (57 кг) менен Алибек Осмонов (70 кг) коло байгенин ээси болду.
Белгилей кетсек, бүгүн, 7-июнда мелдештин экинчи күнүндө 74 кг салмакта Орозобек Токтомамбетов таймашка чыгат.