Риши Сунак Улуу Британиянын премьер-министри болду

Риши Сунак Улуу Британиянын премьер-министри болду

42 жаштагы Риши Сунак Британиянын премьер-министри болду. Мурда финансы министринин кызматын аркалаган саясатчыга 25-октябрда падыша Чарльз Үчүнчү өкмөттүн курамын түзүүнү тапшырды. Сунактын теги индиялык, ал британ тарыхында эң жаш премьер болду.

Өткөн жуманын аягында Лиз Трасс өкмөттү 44 күн башкаргандан кийин отставкага кеткен. Дүйшөмбүдө Консервативдик партия Сунакты өз лидери кылып шайлаган.

Эксперттер 2020-жылдын февралында финансы министрлигин жетектеп баштаган Сунак пандемияда ийгиликтүү иштегенин белгилешет. Быйыл июлда Борис Жонсондун саясатына макул болбой кызматынан кеткен.

Сунак мультимиллионер. Ал Оксфорд жана Стэнфорд өңдүү абройлуу окуу жайларда билим алган. Жубайы Акшату Мурти индиялык миллиардердин кызы. Жаңы премьердин эки кызы бар.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>