Сотто жабырлануучу айыпталуучуга бензин чачып, өрттөөгө аракет кылды — видео

Сотто жабырлануучу айыпталуучуга бензин чачып, өрттөөгө аракет кылды — видео

Бүгүн, 26-октябрда Биринчи май райондук сотунда алдамчылык иши боюнча жабырлануучу айыпталуучуга бензин чачып, өрттөөгө аракет кылды. Бул тууралуу юрист Бактыбек Жумашев социалдык тармактагы баракчасында билдирип, видеосун жарыялады.

«Биринчи май райондук сотунда катышуучулар сот залына күйүүчү зат (бензин) алып келип, айыпкерге чачып өрттөгөнгө аракет кылышты. Менин маалыматым боюнча адвокат да жабыркады», — деп жазды алы.

Бирничи Май райондук соту бул окуя боюнча Reporter.kg’ге билдиргендей, бүгүн алдамчылыкка шектелген К.М.А. аттуу айыпталуучунун иши каралып, биринчи соттук отурум өткөн. Отурум аяктагандан кийин бул иш боюнча күбө болгон А.Г. айыпталуучуга бензин чачып, зажигалканы күйгүзүп, ага ыргытып жиберген.

«Белгилей кетсек, А.Г. бул иш боюнча күбө болуп саналат. Ал бүгүнкү соттук отурумга чакырылган эмес», — деп билдиришти райондук соттон.

Райондук милиция аталган окуя боюнча маалыматты кийинчерээк берерин билдирди.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Тэги: сот

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>