Россия менен соода жүгүртүү $1,4 миллиарддан ашты

Россия менен соода жүгүртүү $1,4 миллиарддан ашты

Чолпон-Ата шаарында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Акылбек Жапаров белгилегендей, эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык карым-катнашы артып, быйылкы жарым жылда соода жүгүртүү 1 млрд 426,5 млн долларга жеткен же 40%га арткан. Ошол эле учурда Кыргызстандын Россияга экспорту 2 эсе көбөйгөн.

Аны менен бирге Жапаров Россиядан Ысык-Көлгө аба каттамдардын саны көбөйүп, россиялык туристтер Кыргызстанга көп келе баштаганын билдирген.

Ал эми Россиянын өкмөт башчысы Россия Кыргызстан менен бардык тармактарда кызматташууну арттырууга кызыкдар экенин белгилеп, 2022-20226-жылдарга карата экономикалык кызматташуунун жаңы программасына кол коюуну тездетүү зарылдыгын айтып өткөн.

Ошондой эле Мишустин Россиянын Кыргызстанга унаа куруу, айыл чарба жана транспорттук инфраструктура боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу сунушу бар экенин билдирген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Тэги: ЕАЭБ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>