Россияда жети жылдан бери издөөдө жүргөн эки жаран кармалды

Россияда жети жылдан бери издөөдө жүргөн эки жаран кармалды

Оор кылмыштарды жасашкандыгы үчүн издөөдө жүргөн Россиянын эки жараны Кыргызстандан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жакында Кыргызстанга Россиянын ИИМнин Бурятия Республикасы боюнча ыкчам-издөө тобу келген. ИИмдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Бурятиядан келген ыкчам-издөө тобунун катышуусу менен тергөөдөн жана соттон жашырынып жүргөн жарандардын жүргөн жерин аныкташкан.

Көрүлгөн чаралардын  натыйжасында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагынан Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренесинин 4-бөлүмүндө (Каракчылык), 209-беренесинин 2,3-бөлүмдөрүндө (Бандитчилик) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүрүшкөн 34 жаштагы А.К. менен 36 жаштагы Ч.Ж. аттуу Россиянын жарандары кармалышкан.

«Экөөнө тең 2016-жылы мамлекеттер жана эл аралык издөө жарыяланган. Жогоруда көрсөтүлгөн жарандар уюшкан кылмыштуу топтун курамында Россиянын Бурятия Республикасынын калк жыш жайгашкан пунктарында жана Улан-Удэ шаарынын аймагында күйүүчү май куючу жайларга жана дүкөндөргө бир нече жолу каракчылык менен кол салууга айыпталышууда.

Россиянын укук коргоо органдарынын эки жаран тең Кытайда же Монголияда туугандарында жашырынып жүрүшү мүмкүн деп болжолдошкон. Бирок, экөө тең Кыргызстандын аймагынан табылды. Азыркы учурда кармалган жарандар камакка алынды. Жакынкы арада аларды  экстрадициялоо маселелери чечилет», — деп билдирет ИИМ.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>