Россияда бат баюуну көздөп баңгизат ташыган кыргыз мигранттар көбөйдү

Россияда бат баюуну көздөп баңгизат ташыган кыргыз мигранттар көбөйдү

Россия Федерациясында 2021-жылы кыргызстандык мигранттардын арасынан баңгизат менен алектенген 224 адам кармалган. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин «Элдик» депутаттык тобунун жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мындай учурлар жыл сайын көбөйүп жатат.

2021-жылы жалпы 3908 иш катталса, анын ичинен 224 учур баңгизат иштерине байланыштуу. Тилекке каршы мындай учурлар жыл сайын көбөйүп жатат. 2020-жылы 110 учур катталса, 2019-жылы 74 учур болгон.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлчүлүктөрү диаспоралар менен биргеликте маалымат иштерин жүргүзүп жатышат. Иш берүүчү ири компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, видео роликтерди беришти. Кечээ жакында консулдук бөлүмдүн башчысы Алмаз Букалаев ИИМдин баңгизат менен каршы күрөшүү кызматынын башчысы менен жолугуп, бул багытта сүйлөштү”, — деди Азизбек Мадмаров.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров Кыргызстандын аймактарынан кайрылуулар келип жатканын жана жаштар тезирээк каражат табуу максатында алданып же маалыматтын жоктугунан улам баңгизат иштерине аралып жатышканын билдирди.

Россиянын сайттарына ачык эле жумасына же айына 4 миң доллар төлөнө турган иш бар деген кулактандырууларды берип, биздин жаштарды азгыруу жолу менен алып кетип жатышат. Жаштар дагы тез байып кетүү максатында же болбосо акча табуу муктаждыгы менен баңгизат ташуу иштерине кабылып жатышат”, — деди депутат.

Ошондой эле, Өмүрбек Бакиров миграцияга чыгып кетип жаткан жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аэропорттордон же билет сатуу компанияларында маалымат берүү керектигин кошумчалады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: миграция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>