Россияда Кыргызстандын жараны 9,5 жылга соттолду. Окуянын чоо-жайы

Россияда Кыргызстандын жараны 9,5 жылга соттолду. Окуянын чоо-жайы

Россиянын Саратов облусунун Балашов шаарында Кыргызстандын 26 жаштагы жараны баңгизат сатууга аракет кылууга айыпталып соттолду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар прокуратура органдарына таянып жазып чыкты.

Маалыматка караганда, июнь айында айыпталуучу баңгизат сатуу менен алектенген белгисиз адамар менен интернет аркылуу жазышып, алар Москвадан Саратов облусуна баңгизат жеткирип берүү үчүн 50 миң рубль сунуштаган. Ал сунушка макул болуп, ижарага алган унаасы менен Балашов шаарына 17 таңгак жеткирген. Анын ичинде 26,2 грамм героин болгон.

«Темир бекетинин жанында баңгизаттарды катып, телефонго сүрөткө тартып жаткан учурда, полиция кызматкерлери аны байкап калып, кармашкан», — деп айтылат маалыматта.

Сот чет элдикти күнөөлүү деп таап, 9,5 жылга эркинен ажыраткан.

Маалым болгондой, Кыргызстандын жараны Москвада такси айдап иштеген, бирок акча жетпегендиктен, бул тобокел ишке барган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>