Өзгөн: Фурасы күйүп кеткен айдоочуга эл акча чогултуп берди — видео

Өзгөн: Фурасы күйүп кеткен айдоочуга эл акча чогултуп берди — видео

Өзгөндөгү мал базарда оор жүк ташуучу унаасы күйүп кеткен айдоочуга эл акча чогултуп берди. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдирип, видеолору менен социалдык тармактарда бөлүшүүдө.

Видеодо көрүнгөндөй, кайдыгер эмес жарандар унаасы күйүп кеткен айдоочуга жардам берүү үчүн бири 100 сом, башкасы 500 сомдон берүүдө.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда кыйынчылыкка туш болгон адамга эл жардам берген окуялар көп кездешет. Маселен, быйыл октябрь айында Токмоктогу мал базарда 120 миң сомун уурдатып алган карыяга кайдыгер эмес жарандар акча чогултуп берген.

Кийинчерээк милиция карыянын акчасын уурдоого шектеп 39 жаштагы жаранды кармаган. Шектүү карыянын 120 миң сомун кайтарып берген. Карыя кайтарылган акчаны кайрымдуулук ишине жумшаган.

Токмокто акчасын уурдаткан карыя рак менен ооруган балага жардам берет

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Өзгөн

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>