Россияга поезд билетин кантип арзан сатып алса болот? Расмий жооп

Россияга поезд билетин кантип арзан сатып алса болот? Расмий жооп

Поезд жөнөгөнгө чейин 45 күндөн 41 күнгө чейинки аралыкта билет сатып алсаңыз, купелерде жана СВ вагондордо 45%, ал эми плацкарт вагондордо 35% арзандатуу бар. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өлкө ичинде күн сайын төмөнкү Бишкек-1 — Токмок, Бишкек-2 — Кайынды каттамы боюнча поезд каттамы жүрөт.

Мындан тышкары Россиянын шаарларына дагы каттамдар бар.

№17 Бишкек  — Самара багытындагы ылдам поезди жумасына эки жолу шаршемби жана жума күндөрү жөнөйт, Самарага жума жана жекшемби күндөрү жетет. №18 Самара  — Бишкек багытындагы поезд Самарадан ишемби жана дүйшөмбү күндөрү жөнөп, Бишкекке дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү келет. Жолдун узундугу 2685 чакырымды түзөт. Бир тарапты көздөй жолдо жүрүү убактысы 56 саат 30 мүнөттү түзөт.

№305 Бишкек — Казань багытындагы жүргүнчү поезди Бишкектен жумасына бир жолу дүйшөмбү күндөрү жөнөйт, Казанга бейшемби күндөрү келет. №306 Казань — Бишкек багытындагы жүргүнчү поезди Казандан бейшемби күнү чыгат, Бишкекке жекшемби сайын келет. Жолдун жалпы узундугу 3286 чакырымды түзөт.  Бир тарапты көздөй жолдо жүрүүнүн жалпы убактысы  64 саат 40 мүнөттү түзөт.

№385  Бишкек—Новосибирск, №386 Новосибирск — Бишкек багытындагы жүргүнчү поезди сегиз күндө бир жолу каттайт.

Жолдун жалпы узундугу 2 340 чакырымды түзөт. Бир тарапты көздөй жолдо жүрүүнүн жалпы убактысы  52 саат 43 мүнөттү түзөт.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>