Беш саат күттүк: Бишкектен Ошко уча албай калгандар нааразы — видео

Беш саат күттүк: Бишкектен Ошко уча албай калгандар нааразы — видео

24-октябрда Бишкектен Ош шаарына Tez Jet компаниясы аба каттамын учурбай койгонуна жүргүнчүлөр нааразы. Бул тууралуу Reporter.kg’ге ата-энеси Ошко уча албай калган жаран Мирлан Алмазбеков билдирди.

Анын айтымында, ата-энеси Төлөнбай Аматбеков менен Роза Асанбаева Tez Jet авиакомпаниясынын учагы менен 24-октябрда Ош шаарына учмак. Аларды башка жүргүнчүлөр менен бирге «учак учат» деп 5 сааттай күттүрүп, андан кийин авиакомпания «аба ырайына байланыштуу» деп каттамды аткарбай койгон. Ал белгилегендей, кечээ аталган компаниянын үч каттамы болбой калган: Экөө Ош шаарына, бирөө Жалал-Абадга.

«Ата-энем саат 15:50дө учмак. Алар учакка отургандан кийин «азыр учат» деп жатып саат 20:00го чейин күтүшкөн. Саат 19:00до билет алган жерге чалсам, учак учпай турганын, «билеттерди кайтарып алыңыздар» деп алдын ала авиакомпания чалганын билдиришти. Бирок авиакомпания «азыр учуп калышы мүмкүн» деп элди алдап жатты», — дейт ал.

Ал билдиргендей, аба ырайына байланыштуу учак учпай калганы айтылгандыктан, жүргүнчүлөр Оштун аэропортуна чалышкан.

«Элди күттүрүп койду. Алардын арасында балалуулары, ооругандары бар экен. Авиакомпаниянын өкүлү башында күтө тургула деп убакытты чойду. Ош аэропортуна чалып, «Ошто туманбы, учактар конбой жатабы?» деп сурашса, «жок, маселе Манас аэропортунда» деп айтыптыр. Эгер маселе аба ырайында болгондо, башка аба каттамтарды да учурмак эмес да. Бирок учактар конуп жатканын таблодон көрдүк», — деди ал.

Бул окуя боюнча «Манас» аэропортунун басма сөз кызматкери Алия Курбанова, авиакомпания аба ырайына байланыштуу учактарын учурбай коюуну чечкенин, аэропорттун өзүндө эч кандай маселелер болбогонун билдирди.

«Коопсуздук маселеси биринчи орунда турат. Учпай коюу тууралуу чечимди авиакомпаниянын учкучтары кабыл алды. «Манас» аэропортунун ага тиешеси жок. Мисалы, кечээ башка авиакомпаниянын Ошко барган  учагы туманга байланыштуу көпкө чейин коно албай койгон», — деди ал.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>