Эми чет өлкөлүктөр Казакстанга кирүү үчүн электрондук уруксат алышы керек болот

Казакстан чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандарынын өлкө аймагына кирүүсүнө электрондук уруксат алуу тартибин киргизүүдө. Тиешелүү токтомду Казакстандын өкмөтү 2026-жылдын 10-октябрында кабыл алган. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган тартип этап-этабы менен күчүнө кирет:
- 2026-жылдын 1-ноябрынан тарта Актау эл аралык аэропортунда жана «Урлютобе», «Аухатты», «Атамекен», «Нурлы Жол» автомобиль өткөрүү пункттарында;
- 2027-жылдын 1-январынан тарта Астана жана Алматы шаарларынын эл аралык аэропортторунда;
- 2027-жылдын 1-мартынан тарта калган бардык өткөрүү пункттарында иштей баштайт.
Электрондук уруксат 2027-жылдын 1-июлунан тартып гана милдеттүү талапка айланат. Ага чейин уруксаттын жоктугу өлкөгө кирүүдөн баш тартууга себеп болбойт.
Уруксат акысыз негизде берилет. Аны алуу үчүн чек арадан өтүүгө кеминде 72 саат калганда онлайн өтүнмө жөнөтүү шарт. Документтин жарактуулук мөөнөтү 180 күнгө созулат. 16 жашка чыга электер, 65 жаштан ашкандар, Казакстанда жашоого уруксаты барлар жана дипломатиялык кызматкерлер документти алуудан бошотулат.
Тышкы иштер министрилиги жарандарды суроолор пайда болгон учурда Кыргызстандын Казакстандагы элчилигине, Алматы шаарындагы Башкы консулдукка жана КР ТИМинин Консулдук департаментине кайрылууну сунуштады.