«РСК Банк» Кыргызстанда биринчилерден болуп БУУнун Глобалдык келишимине кошулду

«РСК Банк» Кыргызстанда биринчилерден болуп БУУнун Глобалдык келишимине кошулду

«РСК Банк» БУУнун Глобалдык келишимине Кыргызстан боюнча биринчилерден болуп кошулган банк болду. Бул тууралуу банктын башкармалыгынын төрагасы Уланбек Ногаев билдирди.

Анын айтымында каржылоо жана насыялоо мекемеси БУУнун Глобалдык келишимине компанияларды киргизүү процедурасынан ийгиликтүү түрдө өттү.

«Биз корпоративдик социалдык жоопкерчиликтин маанилүүлүгүн абдан жакшы түшүнөбүз. БУУнун Глобалдык келишимине кошулуубуз аталган уюмдун туруктуу өнүктүрүү тармактары боюнча максаттары менен демилгелерин колдоого даяр экендигибизди билдирет. Ошол эле маалда биз үчүн абдан сонун мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат. Башкача айтканда, бул аянтчада биз уюмдун демилгелерин карманган ар кыл 138 өлкө жана 8,5 миң компания менен тажрыйба алмаша алабыз», – дейт Уланбек Ногаев.

Ошондой эле ал «РСК Банкы» туруктуу өнүктүрүү практикасын (ESG) өнүктүрүүгө жана жакшыртууга өзгөчө көңүл бура тургандыгын белгиледи. Банк «Туруктуу өнүктүрүү жаатындагы күн тартибинин» алкагында ESG-банкингин киргизүү иш-чарасынын планын бекиткен жана ошондой эле 17 Туруктуу өнүктүрүрүү максатынын 13үн алган. Булардын арасында банктын насыялык продуктыларын өнүктүрүүдөн сырткары, экологиялык жана социалдык оң натыйжаларга жетүүгө көмөктөшө турган, банк кеңселеринин операциялык ишмердүүлүгүнүн ж.б. экологиялык таасирин азайтуу боюнча комплекстүү программаны киргизүү сыяктуу иштер бар.

«РСК Банк» ESGнин алкагындагы туруктуу өнүктүрүү маселелеринде өзүнүн жогорку жоопкерчилигин көрсөтөт. Өз ишмердүүлүгүбүздө биз көмүр кычкыл газын минималдаштырууга багытталган, гидроэлектрстанция, шамал электрстанция сыяктуу энергиянын кайра жаралуу булактарын куруу долбоорлорун каржылоо менен экология жана айлана-чөйрө маселелерин чечүү куралдарын колдонобуз», – деп кошумчалады Ногаев.

Анын айтуусу боюнча банк андан сырткары, азык-түлүк коопсуздугу, суу ресурстарын сактоо, экинчи чийки затты кайрадан иштеп чыгаруучу мекемелерди колдоого алуу программаларын ишке ашырып, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга каржы кызматтарын (көзү азиздерге сайтты жана банкоматтарлы адаптациялоо, бөлүмдөргө пандустарлы коюу ж.б.) жеткиликтүү кылуу аракетин жасайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: РСК БАНК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>